Зулушев: Садыр Жапаровдун эжесин экстрадициялоо тууралуу Польшага экинчи ирет өтүнүч жибериле элек

4 ноябрь 2020 13:59 1677 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун бир тууганы Райкул Жапарованы экстрадициялоо маселеси каралып жатат. Бул тууралуу Башкы прокурор Курманкул Зулушев бүгүн, 4-ноябрда журналисттерге маалымат жыйынында билдирди.

Буга чейин, 2020-жылдын июнь айында экстрадициялоо боюнча Польша тарапка өтүнүч жиберилип, бирок, оң жооп болгон эмес.

"Жапарованы Кыргызстанга алып келүү боюнча экинчи жолу өтүнүч жиберилген эмес", - деди Башкы прокурор.

Эске сала кетсек, Жапарова Райкуль Нуркожоевна Бишкек шаарынын Октябрь райондук жана Бишкек шаардык соттору тарабынан сырттан чечим чыгарылып эл аралык издөөгө, анын ичинен Интерпол аркылуу издөөгө алынган. 

Интерполдун маалыматы боюнча, Жапарова 2020-жылдын 22-майында Польшанын аймагынан кармалган.

Ссылка: https://barometr.kg/zulushev-sadyr-zhaparovdun-ezhesin-ekstradiciyaloo-tuuraluu-polshaga-ekinchi-iret-tnch-zhiberile-elek



Добавить комментарий