Садыр Жапаровдун эжеси Польшадан кармалды. Эми Кыргызстанга экстрадицияланат
Жапарова Райкуль Нуркожоевна Бишкек шаарынын Октябрь райондук жана Бишкек шаардык соттору тарабынан сырттан чечим чыгарылып 2014-жылдын 22-октябрында жана 2015-жылдын 3-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 30-183-беренесинин 3-бөлүмүндө (Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) кылмышына катышуу), 166-беренеси (алдамчылык) менен 221-беренесинде (Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы) көрсөтүлгөн кылмыштарга күнөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылга эркинен ажыратылган.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан Райкуль Джапаровага эл аралык издөөгө, анын ичинен Интерпол аркылуу издөөгө алынган. Интерполдун маалыматы боюнча, Р. Джапарова 2020-жылдын 22-майында Польшанын аймагынан кармалган.
Азыркы учурда, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан Р. Джапарованы Кыргызстанга экстрадициялоо маселелери чечилип жатат.
Эске салсак, Райкуль Жапарова Садыр Жапаровдун эжеси.
Ссылка: https://barometr.kg/polshanyn-ajmagynan-karmalgan-kyrgyz-zharany-ekstradiciyalanat
Добавить комментарий ×