Өзүнүн өмүрүнө кол салууга аракет кылган 9-класс кыз эмне үчүн бул кадамга барганы тууралуу айтып берди

4 октябрь 2018 11:10 2029 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Өзүнүн өмүрүнө кол салууга аракет кылган 9-класста окуган кыз, эмне үчүн бул кадамга баргандыгы тууралуу айтып берди.

Белгилүү болгондой кыз апасы менен жашайт, ата-энеси ажырашып кетишкен.

Апасына мектептен чалып кызынын 1-сентябрдан баштап эле сабактарга барбай жаткандыгы тууралуу кабарлайт. Апасы ачуусу келип кызын катуу урушуп салат.

Бул окуядан кийин кыз жашоо менен кош айтышууга аракет кылат.

Эске салсак 3-октябрь саат 19:00 чамысында тартип сакчылары өзүн өзү өлтүрүүгө аракет жасаган кызды куткарып кадышкан. Окуя Толстой - Абдурахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги көпүрөдө болуп өткөн. Кыз өзүн көпүрөдөн таштоого аракет жасаган.

Ссылка: https://barometr.kg/znn-mrn-kol-saluugu-araket-kylgan-9-klass-kyz-emne-chn-bul-kadamga-bargany-tuuraluu-ajtyp-berdi



Добавить комментарий