"Өзүнчө эле өзүн сезип алган го!" Айзада Жамгырчиеванын ачык кийими катуу сынга кабылды

1 апрель 2019 13:58 24157 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Алып баруучу, ырчы Айзада Жамгырчиева ачык кийинген сурөтүн жүктөйм деп сынга кабылды. Айзаданын бул сүрөтүнө ырчы Турдакун Ниязалиев да өзүнүн пикирин жазып калтырды.

Айзада Жамгырчиева сүрөтү менен бөлушүп:

“Бул сүрөттү жүктөөдөн мурда аябай ойлондум. Кой майкачан дешет! Шымын ит талап кеткенби десечи? Өзүнчө эле өзүңдү сезип алгансың го ыя? Желбегей жабынбайт, кокуй! Деп сиздерден укканча өзүм жазып салайын дедим!”, -деген алдын алган оюн жазып калтырды.

Бул сүрөт коомчулуктун катуу сынына кабылды. Диний ырлады жайылтууга салым кошуп келген эки тилдүү ырчы Турдакун Ниязалиев да:

“Жакшылап ойлонсоң болмок экен!” деген пикири менен бөлуштү.

Канчалык терс пикирлердин, сындардын болгонуна карабай Айзаданын чыныгы күйөрмандары жакшы көз караштарын билдиришти.

Ссылка: https://barometr.kg/znch-ele-zn-sezip-algango-ajzada-zhamgyrchievanyn-achyk-kijimi-katuu-synga-kabyldy



Добавить комментарий