“Теле-Күзөт” телеберүүсүндө тапанча менен коркуткан жаран милиция кызматкери эмес

17 октябрь 2020 11:05 920 Barometr
Бөлүшүү:
ok



“Теле-Күзөт” телеберүүсүндө тапанча менен коркуткан жаран милиция кызматкери эмес. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет. 

 15-октябрда КТРКнын “Теле-Күзөт” телеберүүсүндө тапанча менен коркутуп, орунсуз сүздөрдү сүйлөгөн мас абалындагы айдоочу өзүн ИИМдин 7-башкы башкармалыгынын кызматкери катары тааныштырган репортаж чыккан. Ушуга байланыштуу, Ички иштер министрлиги төмөнкүлөрдү билдирет:

Репортажда өзүн ИИМдин 7-Башкы башкармалыгынын кызматкери катары тааныштырган жарандын ички иштер министрлигине эчкандай тиешеси жок. Иликтөөнүн жүрүшүндө бул жаран КРнын Экономика министрлигинин бөлүмдөрүнүн биринин башкы адиси М.Д. экендиги маалым болду.

Бул окуя 5-октябрда болгон. Бишкек шаардык Ленин РИИБге арыз менен айып пул төлөө үчүн токтоотуучу жайдын күзөтчүсү А.С. кайрылып, ушул эле күнү саат 03:00 чамасында кайгуул милициясы автоунаага  протокол толтуруп, айып пул төлөө үчүн  токтотуучу жайга киргизгенде орунсуз сөздөрдү сүйлөп, белгисиз такталбаган тапанча менен коркутуп, күч колдоноорун айткан мас абалындагы белгисиз адамга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранган.  

Бишкек шаары боюнча Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкерлери жогорудагы айдоочуну Ленин РИИБдин Тергөө кызматына  мындан ары териштирүү үчүн жеткиришкен.

Бул факты Ленин РИИБде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КРнын Жазык кодексинин 266-беренеси (Ээнбаштык) менен сотко чейинки өндүрүш башталган.

Андан сырткары, сурактын жүрүшүндө автоунаанын айдоочусу 5-октябрдан 6-октябрга караган түнү мас абалында болгондугун айтып, күзөтчү  менен уруша кетишкенин түшүндүргөн. Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө амалдары жүрүп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/zn-miliciya-kyzmatkerimin-dep-taanyshtyrgan-zharandyn-iimge-ech-kandaj-tieshesi-zhok



Добавить комментарий