Өзүн карабаган аялдын беш белгиси

3 декабрь 2021 12:00 6399 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Аялдар көп убактысын өзүнө күтүм жасоого арнайт- стилдүү кийимдерди сатып алат, спорт залда машыгат туура тамактанга аракет кылышат.Бирок жалпы картинаны буза турган жагдайлар бар. Аялдын өзүн карабай жатканынын белгилери кандай болорун карап көрүңүз! Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет.

Жаңы эмес макияж

Адамга биринчи караганда эле анын жүзү көзгө урунат. Көздүн алдына түшкөн тушь, туура эмес тень көздүн келбетин бузуп көрсөтөт.Ашыкча сүртүлгөн эндик, беттин өңүнө туура келбеген тоналка жана упа сырткы келбетиңиз тууралуу жалпы таасирди буза турган көрүнүштөр болуп саналат.

Мындай абалдан кутулуш үчүн визажистин мастер-классынан өтүп сабак алып койсоңуз да ашыкча болбойт.Туура эмес макияж сулуу жүздү да туура эмес кылып көрсөтөт.

Жарылган эриндер

Жарылган эриндер таптакыр туура эмес эстетикалык көрүнүш.Ачык түстөгү помаданы ага сүртүп салганда ого бетер начар абалды пайда кылат.Бул үчүн А  жана Е витаминдери бар бальзамды жана кокос, ши, карите майларын колдонуп абалдан чыгыңыз.

Ооздон чыккан жыт

Жылмаюу бул биздин жашыруун куралыбыз. Ошол эле маалда маектешти ооздон чыккан жагымсыз жыт кулатып салбагандай болсун. Адиске барып жагымсыз жыттын чыгышынын себебин аныктаңыз, күн сайын эки ирет 2 мүнөттөн кем эмес тишиңизди жууп туруңуз. Дайыма тиш жибин алганды унутпаңыз.

Терилбеген каштар 

Визажистер калың каштар трендде деп канча айтпасын кашты күтүп жүрүү кажет. Дайыма кашты формада алып жүрүү аялдын өзүнө болгон ишенимдүүлүгүн арттырат.

Ашыкча колдонулган инъекция

Инъекциялар 21 кылымдын чыныгы оорусу болду. Сулуулук үчүн укол алып беттин табийгый сулуулугун жлоготкон аял дагы өзүн карабаган аялдын катарына кирерин унутпаңыз.   

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/zn-karabagan-ayaldyn-besh-belgisi



Добавить комментарий