Жыпар Жекшеев КТРКнын Байкоочу Кеңешинин төрагалыгын тапшырды
Бөлүшүү:
Жыпар Жекшеев КТРКнын Байкоочу Кеңешинин төрагалыгын тапшырып жана мүчөлүгүнөн да кетти. Бул боюнча БКнын катчылыгынан тастыкташты.
Байкоочу Кеңештин октябрь айындагы отурумунда төраганын ишмердигин кароо боюнча маселе каралып, бирок, бул сунуш ноябрь айындагы отурумда каралмак болгон.
Бирок, Жыпар Жекшеев 12-ноябрь күнү Байкоочу Кеңештин мүчөлөрүнө арыз жазып, төрагалыкты гана өткөрүп бербестен, мүчөлүктөн да кетип жатканын айтып, кесиптештерине ыраазычылык билдирген.
Ссылка: https://barometr.kg/zhypar-zheksheev-ktrknyn-bajkoochu-keeshinin-tragalygyn-tapshyrdy
Добавить комментарий ×