КТРКнын жетекчиси болууну каалагандар жыйырмага жетти

18 февраль 2019 18:26 1578 Barometr
Бөлүшүү:
ok

КРнын коомдук телерадиоберүү корпорациясынын (КТРКнын) жетекчиси кызмат орунга талапкер болгондордун саны 22ге жетти. Арыздарды кабыл алуу саат 17:00дө аяктады. Бул тууралуу КТРКнын Байкоочу кеңешинен билдирди.

Кеңештин мүчөлөрү жыйынга чогулуп, башкы директорлук кызматка талапкерлердин арызын, документтерин карап 3 талапкердин документи кабыл алынбай калды.

Ал эми айрымдарынын кепилдик каты, паспортунун көчүрмөсү жок, толук эмес болуп чыкты. Ага карабай аларга да конкурска катышууга уруксат берилгенин Байкоочу Кеңештин төрагасы Жыпар Жекшеев айтты.

Кийинки этап 28-февралда талапкерлер менен жеке маектешүү болорун Жекшеев белгиледи.

КТРКнын жаңы жетекчисин тандоо учурдагы башчысынын иштөө мөөнөтү аяктаганына байланыштуу бир ай мурда жарыяланган.

"Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө" мыйзамга ылайык, Байкоочу кеңеш башкы директорду жабык добуш берүү жолу менен тандап, жетекчи төрт жылга шайланат.

Ссылка: https://barometr.kg/ktrknyn-zhetekchisi-boluunu-kaalagandar-zhyjyrmadan-ashty



Добавить комментарий