Жыпар Жекшеев: "Коомдук каналдын жетекчилигине талапкерлердин саны бүгүн кечке чейин 15ке чыгышы мүмкүн"

18 февраль 2019 12:16 1557 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын директорлугуна талапкерлердин саны бүгүнкү 18-февралга карата 12 болду. Бул тууралуу Barometr.kg маалымат агенттигине Байкоочу кеңештин төрагасы Жыпар Жекшеев билдирди.

"Бүгүн 18-февралга карата арыз бергендердин саны 12ге чыкты. Бүгүн акыркы күн болгондуктан кечке чейин дагы убакыт бар. Менимче 15ке чыгат окшойт деп ойлоп жатам. Бир-эки чалуулар болду, кантип кандай тапшырабыз деп сураган. Андыктан, толук тизмеси кечинде билинет"-деп билдирди Жекшеев. 

Ага кошумча, жетекчини шайлоо убактысы кайсы күнгө белгиленгени тактала электигин айтты. 

Шайлоо күнү качан өтөт белгисиз, мен сунуштап жатам 14-мартта кылалы деп, ошого чейин бардык процедуралар аткарылат", - деп кошумчалады. 

Эске салсак, кандидаттардын арасында Коомдук каналдын азыркы жетекчиси Илим Карыпбеков, журналист, 5-теле каналдын жетекчиси Эрнис Кыязов жана активист Адиль Турдукуловдун дагы талапкерликтери  каралып жатат. 

Ссылка: https://barometr.kg/zhypar-zheksheev-koomduk-kanaldyn-zhetekchiligine-talapkerlerdin-sany-bgn-kechke-chejin-15ke-chygyshy-mmkn



Добавить комментарий