Жогорку Кеңешке Нурланбек Шакиев төрага болуп шайланды
Жогорку Кеңешке жаңы төрага шайланды. Бул тууралуу “Барометр” билдирет.
Бүгүн, 5-октябрда Жогорку Кеңеш жаңы спикерди шайлады.
Белгилүу болгондой, төрагалыкка жалгыз талапкерлигин Нурланбек Шакиев көрсөткөн.
Шакиевдин талапкерлигине 80 депутат "макул", 6 депутат "каршы" добуш берди.
Буга чейин, Талант Мамытов төрагалыктан өз каалоосу менен кеткен.
Шакиев “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын лидери.
Ал буга чейин, “Обон”, “Учкун”, “Эркин-Тоо” гезиттеринде, “ЭлТР” телеканалдарында иштеген.
2006-2009-жылдары мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин басма сөз катчысы болгон.
2021-жылы No17 Аксы шайлоо округунан Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты болуп шайланган.
Ссылка: https://barometr.kg/zhogorku-keeshke-nurlanbek-shakiev-traga-bolup-shajlandy
Добавить комментарий ×