Жыныстык жол менен жуга турган оорулар боюнча эмне билүү керек?
Адамдарга жыныстык жол менен бериле турган оорулар тууралуу кеңири тараган жаңылыштыктар бар. Алар коомчулуктун башын адаштырып, дарыгерге убагында көрүнүүгө залакасын тийгизип, ооруну күчөтүп жиберүүгө алып келет. Андыктан алардын чын-бышыгына жетиш үчүн төмөнкү жаңылыштыктарды жана каталарды карап көрүңүз!
1.Баардык жыныстык жол менен жуга турган оорулардын белгилери болот.
Туурасы: Андай болбогон учурлар да жетишерлик. Көпчүлүк оорулар баштапкы баскычында сезилбей же бир аз гана сезилүү менен өтүп кетиши мүмкүн. Мисалы ВИЧ жуктуруп алган адамдын баарынын эле денесинде шишик пайда боло бербейт. Хламидиоз менен гонореянын инкубациялык же болбосо жашыруун мезгили да белгилер менен коштолбой өтүшү мүмкүн. Бул учурда адам өнөктөшүнө оору жугузуп жүрө берет.
2-ката: спермициддик каражаттар жана бойго бүтүрбөөчү каражаттар оору жуктурбайт
Туурасы: Сактануунун эң эле жакшы варианты бул- презерватив. Башка дарылар же препараттар оорудан эч кандай коргой албайт.
3-ката: жыныстык жол менен жуга турган оорулар жеңил эле айыгат
Туурасы: Медицинанын өнүккөнүнө карабай айыкпай турган же болбосо узак убакыт дарылануунун талап кылган бир катар жугуштуу оорулар бар. Мисалы сифилистен кийин бир канча жыл дарыгердин көзөмөлүндө болуп туруу кажет. Герпес жана ВИЧ организмде айыкпай кала берет.
Ссылка: https://barometr.kg/zhynystyk-zhol-menen-zhuga-turgan-oorular-boyuncha-emne-bil-kerek
Добавить комментарий ×