Жыл мезгилине жараша атырды кантип тандоо керек?

22 июнь 2022 08:15 3537 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Парфюмерия өзү  жыпар жыттуу эссенция болгону менен адамдын денесине себилмейин чыныгы жыпар жытка айланбайт. Ар бир адамдын денесинде бир эле   парфюмердик композиция  ар башкача жытка ээ болору баарыбызга маалым. Бирок сүйүктүү порфюм жыл мезгилине жараша өзгөрүлмөлүү болорун көбү биле бербейт.  Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет.

Сезимди сергиткен серүүн жыттанган жайкы атырдын жыты күздүн суук күндөрүндө жагымсыз сезилет. Жагымдуу ванил жыттуу ароматтар кышында жакшы болсо күнгө күйгөн териде ачуу жыттанат. Ошондуктан атырларды духилерди тандаганда эң эле аз дегенде экини сатып алыңыз. Биринчи ысык кезде себингенде, экинчисин аба муздак учурда себингенге арнасаңыз жакшы.      

Жайкы жыпар жыттар 

Температура 30 градустан ашкан кезде баардык жыттар кишилерге начар таасир берет. Бирок ошентсе да жайкыга жакшы жыттуу духилерди сатып алсаңыз болот. Бул үчүн анын курамында цитрус өсүмдүктөрүнүн, жемиш жыттарынын болгону жакшы.

Кыш үчүн сатып ала турган жыпар жыттар

Кышында жыгач жыттуу, мускус жана чыгыш тибиндеги ароматтар психологиялык жактан алганда адамга жылуулук тартуулайт

Ал эми күздө жана жазда жайды эске салган, деңиз жытуу, романтикалуу  жыттанган жыпар жыттар жагымдуу болот. Классикалык жана кескин жытуу духилерди ушул мезгилерде колдонуу ыңгайлуу.

 

Ссылка: https://barometr.kg/zhyl-mezgiline-zharasha-atyrdy-kantip-tandoo-kerek



Добавить комментарий