Жыл башынан республикада 80,3 миң тонна ун өндүрүлдү
Бөлүшүү:
2021-жылдын январь-август айларында кайра иштетүү өнөр жай продукцияларынын көлөмү 160 млрд 656,7 млн сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин материалдарында айтылганын “Барометр” маалымдайт.
Анын ичинен азык-түлүк товарлары жана суусундуктар менен тамеки каражаттары 25 млрд 435,4 млн сом же жалпы көлөмдүн 12,3 пайызы болду.
2021-жылдын январь-август айларында республикада 80,3 миң тонна ун өндүрүлдү, бул 2020-жылга салыштырганда 19,3 пайызга аз.
Ал эми август айында республикада 11,6 миң тонна ун чыгарылды, бул 2020-жлдын ушул мезгилине салыштырганда 18,6 пайызга көп.
Ссылка: https://barometr.kg/zhyl-bashynan-respublikada-803-mi-tonna-un-ndrld
Добавить комментарий ×