Катуу ысыктан улам буудайдын түшүмү 41,4 пайызга азайды

26 августа 2021 19:57 834 Barometr
Поделиться в:
ok

Республикада негизги айыл чарба өсүмдүктөрүн жыйноо уланып жатат. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин материалдарында айтылганын “Барометр” маалымдайт.

23-июлга карата дан буурчак, күрүч жана гречиханы кошпогондо дан өсүмдүктөрү  230,7 миң гектар аянттан жыйналды, бул 2020-жылга салыштырганда 3,3 пайызга аз, 285 миң тонна дан алынды, бул 52 пайызга аздык кылат.

Быйылкы жылдын жайында болгон катуу ысыктан жана сугат суунун тартыштыгынан улам буудайдын дүң жыйымы 41,4 пайызга, арпаныкы 57,9 пайызга, жашылча-жемиш өсүмдүктөрүнүкү 31,2 пайызга, картошканын түшүмү 6,3 пайызга, бакча өсүмдүктөрү 3,5 пайызга азайды.

 

Ссылка: https://barometr.kg/katuu-ysyktan-ulam-buudajdyn-tshm-414-pajyzga-azajdy



Добавить комментарий