Жусуп Баласагындын "Куттуу билим" дастанынын 950 жылдыгын белгилөө маселеси көтөрүлдү
Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев Жусуп Баласагындын "Куттуу билим" дастанын жазганына быйыл 950 жыл болорун, андыктан аны өкмөттүк иш-чаралардын катарына кошууну парламенттин жалпы жыйынында айтты.
"Ал кыргыз адабиятындагы баштапкы дастан болуп эсептелет. Андыктан Баласагындын "Куттуу билиминин" 950 жылдыгын өткөрүү боюнча өкмөттүк комиссия түзүп, өкмөттүк иш чараларга кошуу керек", — деди ал.
Жусуп Баласагын 1016-жылы Караханиддер мамлекетинин борборунда Баласагун шаарында атактуу жана бай үй-бүлөөдө туулган. Философия, математика, дары-дармек, астрономия, астрология, көркөм өнөр, адабият, тил илими жана башка илимий тармактарынын өнүгүүсүнө зор салымын кошкон. Жусуп Баласагын араб, фарс жана башка тилдерде окуган, жазгандарга үлгү кылып өз китебин жазып баштаган жана дүйнөлүк адабият, маданиятка "Кутадгу билим" (Кут алчу билим, же Кутту билим) аркылуу таанылган.
Ссылка: https://barometr.kg/zhusup-balasagyndyn-kuttuu-bilim-dastanynyn-950-zhyldygyn-belgil-maselesi-ktrld
Добавить комментарий ×