Журналист Турсунбек Бейшенбеков үй камагына чыгарылды
"Чындык" сайтынын редактору, журналист Турсунбек Бейшенбеков үй камагына чыгарылды. Маалыматты укук коргоо органдарындагы булак тастыктады.
Белгилей кетсек, ал 20-январда ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго козголгон кылмыш иштин алкагында Башкы прокуратурага суракка чакырылип, убактылуу кармоо жайына киргизилген.
Бейшенбеков кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга катыштыгы бар жана кылмыш тууралуу жалган маалымат тараткан деп айыпталууда.
Алдын ала маалымат боюнча сөз Асанов байланышкан сын көз караштагы материал тууралуу болуп жатат.
КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдугулов Бейшенбековдун жашы жете элек үч баласы бар экенин эске алуу менен сот эки айга үй камагына чыгарганын Facebook баракчасына жазды.
"Үй камагына чыгарды деп да сүйүнүп калдык, өлкөдөгү абал мына ушундай. Ошентсе да ал Курсан Асановдун иши боюнча айыпталып, анын атынан макала чыгарган деп шектелүүдө. Мунун бары көңүл оорутат", — деди Турдукулов.
Ссылка: https://barometr.kg/zhurnalist-tursunbek-bejshenbekov-j-kamagyna-chygaryldy
Добавить комментарий ×