Журналист БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованы сотко берди

10 октябрь 2018 11:48 1522 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Журналист Канышай Мамыркулова Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова  менен өкмөттүн үстүнөн сотко арыз жазды.

 Журналист аталган бийлик бутактары тарабынан Конституциянын нормалары бузулуп жатканын билдирди.  

“Конституциянын 99-беренсинде өкмөттүн бардык токтомдору менен буйруктары милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш деп так жазылган. Бирок, буга карабастан БШК Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовго “Кыргызтесттен” өтүүнү сунуштады. Мыйзам боюнча милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон талапты сунуштоого болобу?” – деди Канышай Мамыркулова.

Белгилей кетсек, август айынын башында журналист жана активист Канышай Мамыркулова Бишкек шаарынын мэрин шайлоого байланыштуу өкмөттү, президентке караштуу Мамлекеттик тил комиссиясын, БШКны, "Кыргызтест" мекемесин сотко берген. Буга Бишкек мэри Суракматов кыргыз тилин билбегендиги себеп болгон.

Ссылка: https://barometr.kg/zhurnalist-bshknyn-trajymy-nurzhan-shajldabekovany-sotko-berdi



Добавить комментарий