Жумушта ийгиликке жетүүнүн сырлары
Жумушта ийгиликтүү болуунун бирден-бир сыры ар дайым позитивтүү маанайда болуу. Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет.
Бардыгы таң эрте менен уйкудан турганда башталышы кажет. Эрте менен эрте туруңуз, туруп эле дароо бир стакан муздак суу ичиңиз. Күзгүгө караныңыз, өзүңүзгө-өзүңүз жакшы сөздөрдү айтыңыз. Мисалга, бүгүн аба-ырайы кандай керемет. Эртең мененки тамакты шашпай ичип, бүгүн сизди сонун окуя күтүп турганын ойлонуңуз.
Кечкисин жумушка кийчү кийимдериңизди даярдап коюңуз. Эртең менен жумушка алдын ала аксессуарларыңызды тагынып чыгып кетиңиз. Коомдо жана жумушта эч ким менен урушпай, сылык болууну үйрөнүңүз.
Ишиңиздеги үстөлүңүздө ашыкча нерселерден арылыңыз. Жумушта күнүнө эки литр суу ичүүнү адатка айлантыңыз. Жалпы кесиптик тажрыйбаңызды жогорулатуу жолдорун издениңиз. Жумуш убактыңыз бүткөн соң, бардык буюмдарыңызды жыйнап, иреттеп кетиңиз.
Ссылка: https://barometr.kg/zhumushta-ijgilikke-zhetnn-syrlary
Добавить комментарий ×