Пайдалуу кеңеш. Эгерде сиз жумасына бир грамм гана туз жесеңиз эмне болот?

16 ноябрь 2023 14:07 1185 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Дарыгерлер көбүнчө тузду аз жегенге кеңеш беришет. Мындай чектөө качан жыйынтык берет? Вандербилт котормо жана клиникалык жүрөк-кан тамыр изилдөө борборунун (АКШ) окумуштуулары тузду күнүмдүк жашоодо аз колдонгондо, кандай жыйынтык берерин жарыялашты. Бул тууралуу  Doctorpiter сайтына  шилтеме берүү менен “Барометр” кененирээк айтып берет.

Басылманын маалыматы боюнча, изилдөөчүлөрдүн экспериментине 50 жаштан 75 жашка чейинки 213 адам катышкан. Алардын ичинен: 25 пайызында кан басымы нормалдуу, 20 пайызында гипертония көзөмөлүндө, 31 пайызында көзөмөлсүз гипертония, 25 пайызында дарыланбаган гипертония бар.

Кээ бир волонтерлор 7 күн бою тузу көп тамактарды жешкен. Алар тамак-ашына 5,5 грамм туз (бир чай кашыкка жакын) кошушкан. Башка катышуучуларга күнүнө 1,2 граммдан ашпаган туз (натрийдин курамы 500 миллиграмм), башкача айтканда, “бычактын учундай” ичүүгө уруксат берилген.

Катышуучулар 7 күн бою кан басымын күнү-түнү өлчөө үчүн тонометрди алып салбастан тагынышкан. 
Мындан тышкары, алар күнүнө бир жолу заара анализин тапшырып турушкан.

Эксперименттин жыйынтыгында, тузу аз тамактануу адамдардын 73,4 пайызында орточо артериялык басымдын тузу көп тамактарды жегендерге салыштырмалуу тонометрден 8 миллиметрге төмөндөшүнө алып келгени аныкталган. 

Ссылка: https://barometr.kg/pajdaluu-keesh-egerde-siz-zhumasyna-bir-gramm-gana-tuz-zheseiz-emne-bolot



Добавить комментарий