Жумушка келбеген депутаттардын айлыгынан кыскартып, Ак үйдү оңдоо сунушталууда
Бөлүшүү:
Депутат Улугбек Ормонов кесиптештерине Жогорку Кеңештин имаратын оңдоо үчүн кошумча каражат табууну сунуштады. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.
Анын айтымында, Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндөгү мыйзамдын 146-беренесинде депутат келбеген ар бир күнү үчүн эмгек акысынын 10 пайызы алынып салынат деген пункт бар.
«Оңдоо иштерине акча издеңиздер, ушул мыйзамды колдонуш керек. Жоопкерчиликти сезишсин ”, - деп үндөдү ал.
ЖК төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров “тиешелүү комиссия калыбына келтирүү иштеринин алкагында иштеп жатат” деп жооп берди.
Добавить комментарий ×