Жумгалдагы жаш балдардын, чоң энесинин зордукталганы аныкталды. Окуянын чоо-жайы айтылып, шектүү кармалды

22 декабрь 2018 13:54 1965 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Жумгалдагы өлтүрүлгөн жаш балдар тууралуу ИИМ толук маалымат берди. Тергөө маалында экспертиза дайындалып, 47 жаштагы аял жана анын төрт жаштагы небереси зордукталып, кылмыштын изин жашыруу максатында үй өрттөлгөнү маалым болду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы Barometr.kg сайтына билдирди. 

"2018-жылдын 21-декабрь күнү Нарын облусунун Жумгал райондук ички иштер бөлүмүнө нөөмөт бөлүгүнө  “Көк-Ой” айылында  өрт чыгып үй бүлөө  каза болуптур деген маалымат түшкөн.  Аталган билдирүү боюнча окуя болгон жерге Жумгал райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам тергөө тобу чыгып алгачкы иликтөө тергөө иштерин жүргүзүү учурунда Жумгал районунун Көк-Ой айылындагы үйлөрдүн биринде өрт чыгып, натыйжасында ошол үйдүн 47 жаштагы тургуну А.Энын жансыз денеси өрт чыккан бөлмөдө жаткан жеринен табылган, ошондой эле ошол эле үйдүн башка бөлмөсүндө өлгөн аялдын неберелери төрт жаштагы И.А. аттуу кыздын жана жети жаштагы И.А. аттуу баланын жансыз денелери төшөктө жаткан абалда табылгандыгы аныкталган. Окуя болгон жерге кароо жүргүзүүдө 47 жаштагы тургуну А.Энын зордукталганы жана ошондой эле башка бөлмөдөгү төрт жаштагы И.А. аттуу кыздын да зордукталгандыгы аныкталган. Учурда аталган факты боюнча толук кандуу текшерүү жана ыкчам-иликтөө иштерин уюштуруу максатында окуя болгон жерге Жумгал райондук милициясынын ыкчам тергөө тобуна кошумча күч катарында Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын ыкчам-тергөө тобу жиберилип тиешелүү денгээлде тергөө иштери колго алынды"-деп билдиришти. 


Бул факты боюнча ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары Жумгал районунун Көк-Ой айылынын 29 жаштагы тургуну Ш.К., кармалып, тергөө иликтөө иш чараларынын жүрүшүндө күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, төмөндөгүдөй көрсөтмө берген.

 "2018-жылдын 20-декабрында  кечки саат тогуздар чамасында Жумгал районунун Көк-Ой айылынын 47 жаштагы тургуну А.Энын үйүндө түнкү саат он бирлерге чейин спирт ичимдигин ичип олтурушуп, анан ал аял мас болуп уктап калганда ошол үйдүн төркү кичи бөлмөсүнөн уйкудан ойгонуп калган төрт жашар кызды күч колдонуп зордуктаган, жанында уктап жаткан  жети жаштагы И.А. ойгонуп кеткенинен, аны алгач ирээт колу менен муунтуп өлтүргөн, анан кичине кызды да тумчуктуруп өлтүргөнүн, андан кийин конок бөлмөдө мас абалында уктап жаткан 47 жаштагы тургуну А.Эны да колу менен муунтуп өлтүрүп, жасаган кылмышын жашыруу максатында бөлмөдөгү мештин ичинен оттун очокторун алып, бөлмөнүн ар кай бурчтарына от коюп атайлап өрттөп, анан качып  кетип калгандыгы аныкталды.  

29 жаштагы  Ш.К.КРнын Жумгал райондук ИИБнин убактылуу кармап туруу жайына камакка алынды. Учурда аталган оор кылмыш боюнча тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/zhumgaldagy-zhash-baldardyn-cho-enesinin-zorduktalgany-anyktaldy-okuyanyn-choo-zhajy-ajtylyp-shekt-karmaldy



Добавить комментарий