Жумабеков: "Пневмония эч кандай симптомдору жок эле пайда болуп жатат"
Пневмония илдети эч кандай белгилери байкалбай эле өрчүп кетип жатканын Сабырбек Жумабеков жазып чыкты. Бул тууралуу анын социалдык тармактагы баракчасына таянып «Барометр» билдирет.
Маалыматка ылайык, пневмония эч кандай симптомдорусуз күч алып баштады. Аны менен ар бир жаран өз алдынча үй шартында күрөшүүдө.
«Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун филиалы Гансиде бейтаптар бул илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарыла баштады, кубанычтабыз. Бирок, тилекке каршы жаңы ооругандар азайган жок. Урматтуу бейтаптар, өпкө оорусу пневмония эч кандай симптомдору жок эле пайда болуп жатат. Бул өтө коркунучтуу», — деп жазган Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун башчысы.
Симптомдор байкала баштагандан тартып, оору өпкөгө жете электе антибиотикалык терепияны баштоо керектигин, үйдөн дарылоонун ордуна доктурга барууну Жумабеков сунуштады.
Эскерте кетсек, Кыргызстанда бир сутка ичинде пневмониядан 18 бейтап каза болду. Алардын ичинен 8 адам республика боюнча жана Бишкек шаарында 10 адам. Март айынан бери жалпы каза болгондордун саны – 195 адамга жетти.
Ссылка: https://barometr.kg/zhumabekov-pnevmoniya-ech-kandaj-simptomdoru-zhok-ele-pajda-bolup-zhatat
Добавить комментарий ×