Жумабеков: Асель Кадырбекованын акыл-эси ордунда, басып жүрөт (видео)

23 сентябрь 2020 11:52 2241 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкек шаарындагы Травматологиялык жана ортопедиялык илим изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабеков Асель Кадырбекованын абалы тууралуу айтып берди. Бул тууралуу соц тармактарга жарыяланган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“Асель кызыбыздын акыбалы жакшы. Кече эле жолдошу Нурлан Насип экөө мага келип, көрүнүп кетти. Басып жүрөт. Акыл-эси ордунда. Сиздер көргөндөй эле сулуу Асель бойдон калды. Бетиндеги тактар кетип, калыбына келе баштады. Буюрса жакын арада сахнадан көрүп каласыздар деген ойдомун”, -деген билдирүү калтырды Жумабеков.

Эскерете кетсек, Ырчы Асель Кадырбекова 26-июнда жол  кырсыгына кабылган. Бишкектин Медеров менен Тыныстанов көчөлөрү кесилишкен жерде эк и унаа катуу сүзүшкөну айтылган. Кырсыктын кесепетинен,  Кадыбекова шаардык ооруканалардын биринде жандандыруу бөлүмүндө бир нече күн жатып, оор операцияны башынан өткөргөн.

Ссылка: https://barometr.kg/zhumabekov-asel-kadyrbekonyn-akyl-esi-ordunda-basyp-zhrt



Добавить комментарий