Жума намазы мечиттерде окулуп баштайт. Талаптар
Бөлүшүү:
Кыргызстанда жума намазы 11-июндан тарта мечиттерде окулуп баштайт. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Муну менен катар эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу республикадагы бардык мечиттерде аралыктын сакталуусу милдетүү түрдө эскертилди.
Талаптар:
- күнүмдүк беш убак жана жума намазына келүүчү жарандардын беткап тагынуусу;
- мечиттин айланасына дезинфекциялоочу каражаттарды жана жарандардын дене табын текшерүү иш-чараларын жүргүзүү керек;
- мечитте адамдардын ортосунда 1,5 метрдик аралыкты так сактоо жана мечиттин сыйымдуулугунун 50% ашпоосу зарыл;
- жарандардын кол алышып, кучакташып көрүшүүсүнө тыюу салынат;
- дааратты үйдөн алуу сунушталат;
- жаш балдар жана ооругандар, дене табы көтөрүлүп жаткан жарандардын мечитке келбей туруусу талап кылынат;
- мечитке келген жарандар көп убакытка кармалбай, 15-20 минуттун аралыгында чыгып кетүү сунушталат;
- ар бир адам мечитке келгенде жайнамазын ала келүү сунушталат.
Ссылка: https://barometr.kg/zhuma-namazy-11-iyundan-tarta-mechitterde-okulup-bashtajt-talaptar
Добавить комментарий ×