Жоомартова: "Психикалык жактан жабыркаганды жакшылыкка үндөө колуман келет"

7 август 2020 10:17 5298 3 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Режиссёр, актриса Ырыс Жоомартова психологиялык жактан кыйналаган жарандарга бекер жардам берет. Бул тууралуу анын социалдык тармактагы баракчасына шилтеме берип «Барометр» билдирет.

 “Эң биринчи кесибим – психолог. Мындан көп жыл мурун «Кабинет психологической помощи” деп кабинет ачып, көптөгөн адамдар менен түрдүү маселелерди чечип иштегем. КУУда көп жыл психологиядан сабак берип, миңдеген студенттерге психологиядан сабак өттүм. Азыркы кырдаалда да кыйналган, психологиялык жактан жабыр тарткан адамдарга жылуу кеңешимди айтып, оор абалдан чыгарып жатам. Эгерде психологиялык жактан жабыркап, кыйналып жатсаңыздар мага кайрылыңыздар. Элим үчүн кеңешим, колдоом бекер. Жардам берип, жабыркаган жанды жакшылыкка үндөө колуман келет”, - деп жазган Жоомартова.

Ссылка: https://barometr.kg/zhoomartova-psihikalyk-zhaktan-zhabyrkagandy-zhakshylykka-nd-koluman-kelet



Добавить комментарий