Жоокерди жаагын сындыра сабаган аскер кызматкерине кылмыш иши козголду

25 сентябрь 2018 14:05 1161 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жоокерди жаагын сындыра сабаган абадан коргонуу күчтөрүнүн сержантына карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Аскердик прокуратурадан билдиришти.

Маалым болгондой, иш “кызмат ордун кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен козголгон.

Белгилей кетсек, 22-сентябрда 97632-аскер бөлүктүн сержанты менен катардагы жоокер ортосунда пикир келишпестиктер орун алып уруш чыккан. Мындан улам сержант катардагы жоокердин жаагын сындыра чапкан. Натыйжада жаагынан жараат алган аскер госпиталга жаткырылды.


Ссылка: https://barometr.kg/zhookerdi-zhaagyn-syndyra-sabagan-asker-kyzmatkerine-kylmysh-ishi-kozgoldu



Добавить комментарий