Аскер прокуратурасы 20 млн 328 миң 757 сомдук зыянды мамлекетке кайтарды

23 декабрь 2020 16:59 433 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 «Аскер курулуш» мамлекеттик ишканасынын кызмат адамдарына карата козголгон жазык иши жыйынтык чыгарды. Бул тууралуу Аскер прокуратурасынын басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда «Аскер курулуш» мамлекеттик ишканасынын кызмат адамдарына карата козголгон жазык иштеринин тергөөсү солгундап, жыйынтык чыкпай жаткандыгы туурасында маалыматтар таркатылууда.

2015-2020-жылдар аралыгында Аскер прокуратурасынын өндүрүшүндө «Аскер курулуш» мамлекеттик ишканасынын кызмат адамдарына карата 21 жазык иши тергелип, анын жыйынтыгы менен мамлекетке келтирилген 20 млн. 328 миң 757 сомду түзгөн материалдык зыян оордуна коюлган.

Ал эми, тергөөнүн жүрүшүндө 13 жазык иши бир өндүрүшкө бириктирилип, анын жыйынтыгы менен 7 жазык иш соттун кароосуна жөнөтүлгөн, 1 иш кыскартылган.

Башкача айтканда, бүгүнкү күндө Аскер прокуратурасынын өндүрүшүндө «Аскер курулуш» мамлекеттик ишканасына карата жазык иштер жок.

Ссылка: https://barometr.kg/asker-prokuraturasy-20-mln-328-mi-757-somduk-zyyandy-mamleketke-kajtardy



Добавить комментарий