Жолоочуга кулак кагыш, Боомдо жол маал-маалы менен жабылат
Боом капчыгайында жол жабылды. Буга жолго жакын аскадагы таштарды атайылап түшүрүү иши башталганы себеп.
Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Иш чара бүгүн, 30-сентябрда башталды. Ал 4-октябрга чейин уланат. Бул күндөрү эртең мененки саат 9дан күндүзгү саат 3кө чейин Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 131-чакырымында таштарды атайылап кулатуу иштери жүргүзүлөт. Мындай улам, Боом капчыгайындагы жол маал-маалы менен жабылып турат.
«Жолго 30-40тай автоунаа чогулганда таш кулатуу иштери убактылуу токтотулуп, унаалар өткөрүлүп турат», — деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/zholoochuga-kulak-kagysh-boomdo-zhol-maal-maaly-menen-zhabylat
Добавить комментарий ×