Бишкекте каза болду деген киши дарыланып үйүнө чыкты (Видео)
«Жети мүнөт жетпей калды, ооруган адамды өмүрүн сактай албай калдым», -деп ыйлаган ыктыярчынын эмгеги текке кеткен эмес. Каза болду делген адам дарыланып, үйүнө чыгарылды. Ыктярчы дарыгердин аракети текке кеткен эмес. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
«Жети мүнөт жетпей калды, ооруган адамды өмүрүн сактай албай калдым», -деп ыйлаган ыктыярчынын эмгеги текке кеткен эмес. Анткени, каза болуп калды делген Жоломан Карымшаков аман калган жана ал ыктыярчыга ыраазычылыгын билдирди.
Аталган окуя соцтармакта тез арада таркай баштагандан кийин ИИМдин тергөө кызматы окуянын чоо-жайын текшерүү жана ооруп жаткан кишини кайсы оорукана кабыл албай койгондугун текшерүү максатында кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, ыкчам иликтөө иш-чараларын баштаган.
«Алдын ала иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө А.Мурзаева өз ыктыяры менен “Жаштар Демилге Борбору” коомдук уюмуна ыктыярчы болуп иштеп жаткандыгын, 16-июлда саат 22:50дө Бишкек шаарынын Ак-Өргө конушунда көчөдө бир адам эс учун жоготуп жатат деген маалымат түшүп, ал жерге барышкан учурда отурган абалда бир адамды көрүшкөндүгүн жана дем алуусу кыйын болуп жаткандыктан аны түнкү стационарга алып барышкандыгын билдирген. Стационардагы врачтар бош орун жок экендигин билдиришкен, бирок убактылуу болсо дагы башка ооруканага жаткызканга чейин кычкылтек концентраторуна кошуп тургулачы деген суранычтан улам, дарыгерлер макул болуп ал адамды стационардын ичине алып кирип кетишкен», - деп айтылат маалыматта.
Арадан он мүнөт өткөндөн кийин стационарда иштеген дарыгерлердин бири, жаңы түшкөн бейтап каза болуп калды деген маалымат берген. Ал адамдын кандайдыр бир кыска убакытка клиникалык өлүм абалында болгону айтылууда. Ыктыярчылар кетип калышкандан кийин тиги жаран кайрадан эсине келген. Иликтөө иш-чараларынын учурунда жогорудагы каза болуп калды деген маалымат жалган болуп чыкты.
Ыктыярчылар тарабынан ооруканага алынып келинген жаран Ат-Башы районунун тургуну, учурда Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушунда жашаган 45 жаштагы Жоломан Карымшаков экендигин аныкталып, ал каза болбогондугу аныкталды. Ат-Башы районундагы туугандарына чейин анын өздүгүн тактоого туура келди.
«2020-жылдын 16-июль күнү саат болжол менен 22:00 чамасында мас абалымда, кан басымым көтөрүлүп Бишкек шаарынын Ак-Өргө конушунан жолдо жатып калдым, анан мени ыктыярчылар өздөрүнүн машинасына салып ооруканага алып жөнөштү. Жолдо келе жатканда өзүмдү бир жоготуп, бир өзүмө келип машинада бара жаткандыгымды сезип, машинадагы бир кызды карап, «Менин кызымдай болгон кыз экенсиң, мен кызымды жакшы көрөмүн, эгерде мен өлүп калсам, кызыма айтып койчу атаң сени жакшы көрөт деп», айтып өзүн кайрадан жоготуп койгондугун билдирген. Анан бир убакта көзүн ачса ага куйма дары коюп коюшкандыгын, ошондо өзүн больницада жатканын билип, куйма дары бүткөндөн кийин ал жактагы медициналык кызматкерлердин уруксааты менен үйүнө кетип калдым, деди», -деди Жоломан Карымшаков.
Каза болду деген маалымат туура эмес экендигин жана азыркы учурда абалы жакшы экендигин билдирди. Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш боюнча, тергөө амалдары аяктап, иш кыскаруунун алдында турат.
Ссылка: https://barometr.kg/zholoman-karymshakov-yktyyarchyga-yraazychylygyn-bildirdi
Добавить комментарий ×