Жол тандабас эки кызды жөө кишилер өтүүчү өтмөктөн сүзүп кетти

21 февраль 2019 16:54 1766 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Бишкек шаарынын Айтматов проспектисиндеги "ШампанВинКомбинаттын" жанынан Lexus LX470 үлгүсүндөгү жол тандабас эки кызды сүзүп кетти. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн 21-февралда саат 13.30дар чамасында жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн болгон. 

Учурда жабырлануучулар ооруканага жеткирилген. Күбөлөрдүн айтымында кыздар жол чыракты карабай эле жүгүрүшкөн. Учурда жол кырсык боюнча айдоочу көрсөтмө берип жаткандыгы айтылды.

Ссылка: https://barometr.kg/zhol-tandabas-eki-kyzdy-zh-kishiler-tch-tmktn-szp-ketti



Добавить комментарий