Бишкекте эки маршрутка кагышып, айдоочулары кармалды
Бишкек шаарында 24-январда болжол менен саат 7:40тар чамасында айдоочу белгисиз автоунаа менен Чүй көчөсүнөн батыштан чыгышты көздөй баражатып, Калык Акиев көчөсүнүн кесилишинен башка автоунаа менен сүзүшүп, эки унаанын тең айдоочулары окуя болгон жерден белгисиз тарапка кетишкен. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.
Окуянын кесепетинен эки унаанын биринин жүргүнчүсү 2005-жылы төрөлгөн А.Ж аттуу жаран 3-балдар ооруканасына кайрылган. Бул жол кырсыгы боюнча Бишкек ШИИБдин МККБнын издөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 27- январда «Мерседес -Бенз 311» үлгүсүндөгү №138- маршруттук каттамдын айдоочу 1998 -жылы туулган Б.М. жана «Мерседес-Бенз Спринтер» үлгүсүндөгү №212 -маршруттук каттамдын айдоочусу 1970-жылы туулган Г.А аттуу жарандар кармалган .
Азыркы учурда кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери жүрүп жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/zhol-kyrsygy-kattalgan
Добавить комментарий ×