Жол коопсуздугун камсыздоо максатында Бишкек шаардык Кайгуул милициясын түзүү каралууда
Премьер-министр Абылгазиев жол коопсуздугун камсыздаган ички иштер орган түзүмдөрүнүн ишин күчтөндүрүүгө жана реформалоого багытталган иш-чараларга даярдык көрүү жана аны ишке ашыруу боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Кеңешменин жүрүшүндө президент тарабынан жактырылган Жол коопсуздугун камсыздаган ички иштер орган түзүмдөрүн реформалоо боюнча стратегияны бекитүү жана аны ишке ашыруу боюнча пландар талкууланды. Анын натыйжасында, Бишкек шаардык Кайгуул милициясын түзүү каралууда.
Кеңешмеде Кайгуул милициясынын түзүмдөрүн кызматтык унаа, атайын техника менен камсыздоо, формалуу кийим берүү жана атайын техникалык каражаттар менен жабдуу үчүн каржылоо зарылдыгына байланыштуу маселелер каралды. Бул жаңы киргизүүлөр «Коопсуз шаар» долбооруна үндөш жана анын талаптарына дал келет.
«Бүгүнкү күндөгү кырдаал таасирдүү чараларды кабыл алууну талап кылат. Биз түзүмдүк бөлүктөрдүн жалпы ишин сапаттуу реформалоого жана жол кыймылынын гана эмес, коомдук коопсуздукту камсыздоого жетишүүбүз зарыл. Милиция өзүнүн башкы кызматтык милдеттерин аткарууда жарандарыбыз тарабынан көбүнесе негиздүү сынга жана жемелөөгө кабылып келет. Натыйжалуу ишти камсыздоо жана коррупцияны иш жүзүндө азайтуу аркылуу гана жарандардын милицияга ишенимин кайтарууга болот», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.
Өкмөт башчы тийиштүү мамлекеттик органдарга жол коопсуздугун камсыздаган ички иштер органдарынын түзүмдөрүнүн ишин реформалоо жана күчтөндүрүү боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууга байланыштуу бардык маселелерди чечүүнү, ошондой эле каржылоонун бардык зарыл булактарын караштырууну тапшырды.
Добавить комментарий ×