Жол эрежеси боюнча айыппулдун өлчөмүн 100 миң сомго чейин көтөрүүнү сунушташууда
«Биз айыппулдардын көлөмүн азайтууга макул эмеспис. Биз жол эрежесин бузгандыгы үчүн жазалоо шарттарын күчөтүүнү сунуштайбыз», — дейт эл өкүлү. Фракция 9- жана 10-категориядагы коомго коркунуч келтирген эреже бузуулар үчүн кодекске өзгөртүү киргизүүнү сунуштоодо.
Алсак, 9-категорияда физикалык жактар үчүн айыппулдар 500 эсептик көрсөткүчтү түзөт (50 миң сом), юридикалык жактарга — 750 эсептик көрсөткүч (75 миң сом). 10-категорияда физикалык жактарга — 1 000 эсептик көрсөткүч (100 миң сом), юридикалык жактарга — 1 миң 500 эсептик көрсөткүч каралган.
Долбоордо жасалма мамлекеттик номер үчүн айыппул 10 миң сомдон 100 миң сомго чейин, юридикалык жактарга — 150 миң сомго чейин. Автобейбаштык үчүн 4-категория боюнча эмес, 9-категория боюнча айыппул салуу каралган: физикалык жактарга — 50 миң сом, юридикалык жактарга — 75 миң сом.
Ошондой эле мас абалында, банги заттарынын же башка психотроптук заттардын таасири алдында автоунаа башкарып баратып кармалуулар кайталанган учурларда мүлкүн конфискациялоо менен жазага тартуу дагы сунушталууда.
Ссылка: https://barometr.kg/zhol-erezhesi-boyuncha-ajyppuldun-lchmn-100-mi-somgo-chejin-ktrn-sunushtashuuda
Добавить комментарий ×