Жогорку Соттун судьялары 50 миң сом айлык алат

2 апрель 2019 13:16 6558 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Райондук жана областтык соттор 25 миңден 35 миңге чейин айлык алат. Бул тууралуу массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушкан учурда Жогорку Соттун төрайымы  Гульбара Калиева билдирди. 

Анын айтымында, Жогорку Соттун судьяларына 45 миң сомдон 50 миң сомго чейин айлык берилет.

“Казакстанда судьялардын айылык акысы жогору, өлкөсү да бай. Биз алар үчүн кубанычтабыз. Аймактардагы соттор менен жолугушкан учурда алар айлык акыбызды жогорулатып берүүбүздү сурашат. Алар өздөрүнүн айлыгы статустарына дал келбей жатканын айтышат. Акыркы жолу алардын айлыгы 2013-жылы көтөрүлгөн. Сот системасын каржылоо жогорулап жатат жана соттор ишенимди актап жакшы иштеши керек. Ошондой болгон кезде анан айлык жогорулайт”,-деп айтты Гульбара Калиева.

Ссылка: https://barometr.kg/zhogorku-sottun-sudyalary-50-mi-som-ajlyk-alat



Добавить комментарий