Жогорку сот толугу менен карантинге жабылды
Бөлүшүү:
Кыргыз Республикасынын Жогорку соту 2020-жылдын 6-апрелинен 13-апрелине чейин карантинге жабылды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.
Жарандар Жогорку сотто жылдырылган иштердин графиги менен төмөндөгү телефондор аркылуу биле алышат: жазык иштери боюнча - 0 312 66-35-01, административдик жана экономикалык иштер боюнча -0 312 66-34-29, жарандык иштер боюнча -0312 66-30-40 же болбосо 62-19-29.
Ссылка: https://barometr.kg/zhogorku-sot-tolugu-menen-karantinge-zhabyldy
Добавить комментарий ×