Жогорку окуу жайда окутуучусу 33 миң сом пара алып жатканда кармалды

13 март 2019 10:40 1386 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкектеги Жогорку окуу жайлардын биринде иштеген аял пара алып жактан учурда кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-мартта Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Криминалдык милиция кызматына Чүй облусунун отуз үч жаштагы жашоочусу кайрылып, пара талап кылып жаткан мугалимге чара көрүп берүүнү суранган. Жогорку окуу жайдын кызматкери сессия үчүн андан 33 миң сом талап кылган.

6-март күнү ИИМдин Криминалдык милиция кызматы жана   ИИМдин Тергөө кызматынын тергөөчүлөрү биргелешип ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүп, анын натыйжасында жумуш ордунда 33 миң сом алып жаткан жеринен шаардык ЖОЖдун биринин мугалими кармалды.  

Учурда бул иш боюнча тергөө башталды.

 

Ссылка: https://barometr.kg/zhogorku-okuu-zhajda-okutuuchusu-33-mi-som-para-alyp-zhatkanda-karmaldy



Добавить комментарий