Жогорку Кеңештин жыйындарына катыша турган Жогорку Соттун парламенттик өкүлүн дайындоо сунушталды

17 октябрь 2018 10:50 1123 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 17-октябрда парламент жыйынында депутат Бакридин Субанбеков Жогорку Кеңештин жыйындарына катыша турган Жогорку cоттун парламенттик өкүлүн дайындоону сунуштады.

“Жогорку Кеңештин жыйынында ар кандай маселе айтылат. Анда ар бир бийликтин өкүлү отурат. Эми ушул жерде оттун өкүлү отурса жакшы болот эле”, - Субанбеков.

Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева депутаттын сунушун колдой турганын айтып, бул үчүн кызматтык штат маселесин чечүү керектигин билдирди.  

Ссылка: https://barometr.kg/zhogorku-keeshtin-zhyjyndaryna-katysha-turgan-zhogorku-sottun-parlamenttik-kln-dajyndoo-sunushtaldy



Добавить комментарий