Жогорку Кеңештин шайлоосуна катышууга дагы беш партия билдирме берди
Бөлүшүү:
Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча борборлук комиссияга 1-сентябрга карата Жогорку Кеңештин шайлоосуна катышуу үчүн 10 саясий партия билдирме берди. Бул тууралуу “Барометр” маалымдайт.
Шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрында өткөрүлөт.
Бүгүнкүгө карата төмөнкү партиялар билдирме берди:
- «Жаратман Эл»,
- «Кыргызстандын биримдиги патриоттук партиясы»,
- «Ата-Мекен»,
- «Ыйман нуру»,
- «Эл үмүтү социалдык-саясий партиясы».
Буга чейин кат түрүндөгү билдирмени «Социал-демократтар», «Улуттар биримдиги», «Ишеним», «Альянс», «Кыргызстандын Жашылдар партиясы” тапшырган болчу.
Ссылка: https://barometr.kg/zhogorku-keeshtin-shajloosuna-katyshuuga-dagy-besh-partiya-bildirme-berdi
Добавить комментарий ×