Жогорку Кеңештин маалымат бөлүмүнүн башчысы кызматтан кетти

14 октябрь 2020 16:10 490 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жогорку Кеңештин маалымат бөлүмүнүн башчысы Ибраим Нуракун уулу кызматынан кетип жатканын билдирди. Бул тууралуу анын фейсбук баракчасындагы маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“Бүгүн, 14-октябрда Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматынын жетекчиси кызматынан кетүүнү чечтим. Сиздер менен беш жылга жакын ачык-айрым, тыгыз байланышта иштедик. Баарыңыздарга ыраазылык билдирем”, -деген билдирүү калтырды Ибраим Нуракун уулу.

Парламенттик журналисттер андан кызматтан кетпөөнү суранып жатышканы маалым болду.

Ибраим Нуракун уулу парламенттин басма сөз кызматын беш жылга жакын башкарып келген. Эмгек жолун телеканалда иштөө менен баштап, бир катар абройлуу басылмаларда эмгектенген.


Ссылка: https://barometr.kg/zhogorku-keeshtin-maalymat-blmnn-bashchysy-kyzmattan-ketti



Добавить комментарий