Жогорку Кеңештин комитети Эрлан Абдылдаевдин талапкерлигин Германиядагы элчи кызматына жактырды
Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргызстандын Германиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызмат ордуна дайындоого сунушталган Абылдаев Эрлан Бекешовичтин талапкерлигин жактырды.
Эрлан Абылдаев 1966-жылы туулган. Жогорку билимдүү, 1989-жылы Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтун бүтүргөн. Кыргыз, орус, кытай, англис тилдерин билет. 2012-2018-жылдары тышкы иштер министри болуп иштеген.
Андан тышкары, тармактык комитет Кыргыз Республикасынын Түркиянын Стамбул шаарындагы башкы консулдугуна дайындоого сунушталган Нурлан Абдрахмановдун талапкерлигин да жактырды.
Эске салсак, Эрлан Абдылдаев буга чейин тышкы иштер министри болуп иштеген. 2018-жылы октябрда кызматтан кеткен.
Добавить комментарий ×