Жогорку Кеңештин экс-депутаты төкмө акын Элмирбек Иманалиевди ыр менен эскерди

24 апрель 2020 18:00 2692 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жогорку Кеңештин экс-депутаты, профессор Элмира Жумалиева маркум төкмө акын Элмирбек Иманалиевди ыр менен эскерди.

Эске салсак, Элмирбек Иманалиев 20-апрелде Бишкектеги ооруканалардын биринде каза болуп, сөөгүн Ала-Арча  көрүстөнүнө коюлду.

Акындардын алпы, ырчы, обончу, композитор, руханий дүйнөнү өзгөчө аздектеген чыгармачыл адам, чындыкты айтуудан тайманбаган, жалтанбаган эр жүрөк акын Элмирбек Иманалиевдин жаркын элесине арналат.


Элмирбекке

Жашоодо майтарылгыс акын элең,

Ак сүйлөп, чындыкка сен жакын элең.

Арабыздан капыстан учуп кеттиң,

Бул жашоонун жалгандыгы ушул беле?..


Ак таңдай акын элең таңшып турган,

Ырларыңды жамы журт тыңшап уккан.

Ажалга арга барбы, айла барбы,

Кош эми, арабыздан эрте кеттиң.


Элмирбек элиң сүйгөн акын элең,

Чындыктан эч тайбаган, жалтанбаган.

Оо, ажал улук белең баарысынан,

Байкатпай арабыздан сууруп кеткен.


Элмирбек булбул болуп ырдаганда,

Ээричүүбүз ырларынын ыргагына,

Добуш чыгат, тымызын күйүт коштой,

Ал ырдаган ырлардын ыргагында.


Эсте калды кереметтүү ырларың,

Ачуу чындык, сүйүүлөрдү ырдадың.

Кош бол эми, кыргызымдын шумкары,

Жүрөктөрү сыздап турат жаш-кары.

Ссылка: https://barometr.kg/zhogorku-keeshtin-eks-deputaty-tkm-akyn-elmirbek-imanalievdi-yr-menen-eskerdi



Добавить комментарий