Айбек Карымов "Мигрант" деген ырын жарыкка чыгарды

25 июль 2018 23:15 4281 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев  алыста жүргөн мекендештерге арнап ыр жазган. Эми ошол ыр саптарына ырчы Айбек Карымов обон жаратып, клип тартып алып чыкты. Бул тууралуу Айбек Карымов өзү  фейсбук баракчасына жарыялады. 

Сөзү депутатка тиешелүү, обону Айбек Карымовго таандык болгон бул чыгарма учурдун көйгөйүн айткан, тентиген кыргыздардын абалын чагылдырган чыгарма экен.

 Ыр тууралуу Айбек Карымов: 

" Мигрант мекендештерим бар болгула! Сиздер жөнүндө Каныбек Капашевич экөөбүз бир аз толгондук!"- деп жазды. Жумушсуздуктун айынан чет өлкөдө иштеп жүргөн кыргыздардын саны статистика боюнча 710 миңден ашат, алардын 616 миңдейи Орусияда иштешет.  

"Миллиондогон акчаларды жебей, завод, фабрикаларды куруп койгондорунда, элибиз мынча тентибейт эле"-дешет интернет колдонуучулар. 

Ссылка: https://barometr.kg/zhogorku-keeshtin-deputaty-kanybek-imanaliev-alysta-zhrgn-mekendeshterge-arnap-yr-zhazdy



Добавить комментарий