Жогорку Кеңештин депутаттары Касымалиева менен Турускулов АКШ президенти Трамптын тамагына барды
Бөлүшүү:
Жогорку Кеңештин депутаттары Аида Касымалиева менен Жыргалбек Турускулов АКШ президентинин салтка айланган эртең мененки тамагына барды. Бул тууралуу эл өкүлү Касымалиева Facebook баракчасына жазды.
Депутат андан сырткары АКШга болгон иш сапарында ал жактагы кыргызстандыктар менен жолугуп, виза маселесин талкуулаганын билдирди.
Эске салсак, АКШ Кыргызстандын жарандарына айрым визаларды берүүдө чектөөлөрдү киргизген.
Касымалиева АКШга болгон сапардын чыгымдарын депутаттар өздөрү төлөгөнүн жазды.
Добавить комментарий ×