Жогорку Кеңештин үч депутатына коронавирус жукканбы? Саламаттык сактоо министрлиги эмне дейт
Бөлүшүү:
Акыркы учурда социалдык тармактарда “Жогорку Кеңештин үч депутатына дагы коронавирус жугуптур” деген маалымат тарап жатат.
Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов министрликте андай маалымат жок экенин белгиледи.
“Жогорку Кеңештин депутаттарынын арасында коронавирус жуккандар боюнча бизде маалымат жок”, — деди ал.
7-апрелге карата алынган маалымат боюнча Кыргызстанда коронавирус жуккан 228 киши аныкталды. Анын ичинде 16 дарыгер бар.
Добавить комментарий ×