Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси коронавирус жугузуп алды
Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу коронавируска чалдыкты. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Дем алыш күнү дене табы көтөрүлүп, жумушка чыгаар алдында коронавируска тест тапшырган, жыйынтыгында вирус аныкталган. Ал 14 күнгө үй карантинине алынды.
"Урматтуу кесиптештер, ушул дем алыш күнү температура болгондугума байланыштуу үйдө олтуруп иштеп жатканмын. Эртең жумушка чыгар алдында алдын ала текшерүүдөн өтсөм, бир аз мурда эле доктурларым менин анализимен COVID-19 аныкталганын кабарлашты. Буга байланыштуу дагы 14 күн үйдөн чыкпай иштемей болдум. Мени менен жакын контактыда болгон Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматындагы башка кесиптештерим да дистанттык иш тартибине өтүүдө. Буга байланыштуу эртеңки иш-чараларыбыз түз эфирде чагылдырылбайт. Кесиптештеримдин баардыгынын анализи таза чыкса, келерки аптадагы жыйындарды толук чагылдырабыз деген үмүттөбүз. Биз менен чогуу Жогорку Кеңештин аппаратынын жана иш башкармалыктын бир катар кызматкерлери, айрым депутаттар да бүгүн кечке маал тест тапшырышты. Жыйынтыктары бир-эки күндө белгилүү болот. Сиздердин ишиңиздердеги ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз! Карантин учурунда бир дагы кесиптешим менен кол алышып учурашкан эмесмин, жумуш маалында ар дайым антисептик, беткап колдонуп келгемин. Тилекке каршы, аяган көзгө чөп түшөт дегендей, бул өзүм жана үй-бүлөм үчүн абдан өкүнүчтүү окуя болду. Ылайым, оорубаңыздар! Урматтоо менен Ибраим Нуракун уулу, Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматынын жетекчиси", - деп жазган ал.
Ссылка: https://barometr.kg/zhogorku-keeshtin-basma-sz-kyzmatynyn-zhetekchisinen-koronavirus-anyktaldy
Добавить комментарий ×