Жогорку Кеңеште комитет Каржы министрлигине көрсөтүлүп жаткан Бактыгүл Жээнбаеванын талапкерлигин жактырды
Жогорку Кеңеште комитет Каржы министрлигине көрсөтүлүп жаткан Бактыгүл Жээнбаеванын талапкерлигин жактырды.
Алгач бир канча суроолорду беришип, андан кийин добуш берүүгө коюлду.
Бактыгүл Жээнбаева президенттин кеңешчиси болуп июль айынан бери иштеп келген.
Бактыгүл Жээнбаева 1960-жылдын 31-июлунда Бишкек шаарында туулган. Экономика илимдеринин кандидаты. Учурунда "Кыргызстан коммерциялык банкынын" директорлор кеңешинин төрайымы болуп, кийин Улуттук банктын төрайымы, 2011-2015-жылдары аталган мекеменин жетекчисинин орун басары катары эмгектенген. Мамлекеттик ипотека компаниясынын башчысы болуп да иштеген. Ошондой эле 2016-жылдын декабрына чейин "Айыл банктын" башкаруучулар кеңешинин төрайымы болгон.
Эске салсак, мурдагы каржы министри Адылбек Касымалиев өз каалоосу менен 6-декабрда кызматтан кеткен.
Добавить комментарий ×