Жогорку Кеңешке арналып жаңы гимн жазылды: Алдана бер, кыргыз эл
Социалдык тармактарда Жогорку Кеңешке арналып жазылган гимн көпчүлүктүн азыркы саясатка болгон көз караштарынын талкуусун жаратты.
Шакабалуу гимндин автору ким экендиги белгисиз.
Кээ бири "Жеп жутарларга ушундай гимн жарашат" десе, башкасы "кыргыздар өзүңөрдү өзүңөр шылдыңдабагыла" деген өңдүү комментарийлер калтырылган.
Гимндин сөзү:
Ак мөңгүлүү, аска зоолор калбады
Талааларын байлык издеп аңтарды
Сансыз кылым тарыхы чоң өз элин
Малай кылып башка элге байлады
Кайырма:
Алдана бер, кыргыз эл
Алдамчынын жолунда,
Өкүнө бер, өксүй бер
Өлсөн башын колуңда
Ссылка: https://barometr.kg/zhogorku-keeshke-arnalyp-zhany-gimn-zhazyldy-aldana-ber-kyrgyz-el
Добавить комментарий ×