Видео. Жогорку Кеңеш ишин баштады. Сессиянын ачылышына Канат Исаев дагы келди
Бүгүн, 4-сентябрда Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы ачык деп жарыяланды. Ачылыш аземде Кыргыз Республикасынын гимни жаңырды. Анда төрага Дастанбек Жумабеков депутаттардын ишине ийгилик каалады. Ал эми бүгүнкү сессиянын ачылышына Канат Исаев дагы келди.
Белгилей кетсек, Канат Исаев 2017-жылдын октябрь айынын бери УКМКнын тергөө абагында болчу. Ага бийликти басып алуу аракетине байланыштуу кылмыш иши козголгон. Ошондой эле Токмок шаарында мэр болуп турган учурундагы иш боюнча коррупция айыбы коюлган. Ал 18-июлда Канат Исаев Бишкек шаардык сотунун чечими менен үй камагына чыгарылган.
Ссылка: https://barometr.kg/zhogorku-keesh-ishin-bashtady-sessiyanyn-achylyshyna-kanat-isaev-dagy-keldi
Добавить комментарий ×