Жогорку Кеңеш апрель айында 7 миллиондой сомду сарамжалдап калат
Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу парламенттин бюджетинин чыгымдары Финансы министрлиги чыгымдардын планын жарыялаганда жалпы сумма белгиленерин айтты. Ал ошондой эле коомчулук жана журналисттер үчүн кызыктуу болгон айрым суроолорго дагы жооп берди.
"Урматтуу кесиптештер, кечээтен бери айрымдарыңыздар бир эки маселе боюнча маалыматтарды тактап беришимди өтүнүп кайрылдыңыздар. Биринчиси, кээ бир ЖМК жазып жаткандай Жогорку Кеңеш чыны менен эле апрель айында 2 миллион сом ашыкча чыгымдайт бекен? - деген суроо. Финансы министрлиги чыгымдардын планын жарыялаганда жалпы сумманы болжолдоп берет. Иш жүзүнө келгенде, Жогорку Кеңештин апрель айындагы чыгымдары болжолу менен 7 миллион сомго аз болушу күтүлүп жатат. Себеби, карантинге байланыштуу бул айда көптөгөн иш-чараларыбыз болбой калды", - деп жазды ал.
Нуракун уулу ошондой эле, Жогорку Кеңештин депутаттары элге кандай жардам берип жатканы боюнча бир аз маалымат берип, учурдагы төрага менен ага чейинки эки экс-төраганын жасаган иштери тууралуу маалымат берди.
"Президент айтмакчы, ыйлабай эле, ырдабай эле, реклама кылбай эле өз регионуна, муктаж адамдарга кайырымдуулук кылган ондогон депутаттардын тизмеси бизде бар. Сөзүм куру болбош үчүн Жогорку Кеңештин үч төрагасы кылып жаткан иштер тууралуу эле кыска маалымат бере кетейин. Учурдагы төрага Дастанбек Жумабеков 150 тонна ун, 20 миң медициналык маска, бир тонна антисептикалык каражат таратты. Эки айлык эмгек акысын фондго которду. Мурдагы төрага Чыныбай Турсунбеков Нарында 850 үй-бүлө, Ысык-Көлдө 40, Чүй областы боюнча 40 үй-бүлөгө ун, макарон, суюк май таратты, алдыда дагы 1000 үй-бүлөгө жадам берүү жагын пландап жатат. Дагы бир мурдагы төрага Асылбек Жээнбеков Кара-Кулжа районунда 200 тонна ун, 20 тонна суюк май таратты. Тагыраак айтканда, 4000 үй-бүлөгө бир каптан ун, 5 литрден суюк май таратты. Мындан сырткары коронавируска каршы күрөш фондуна 1 миллион сом которду. Жардамдарды фракция лидерлери дагы берип жатат. 120 депутаттын ичинен колунан келгени унчукпай эле жардам берип атат, келбегени кур дегенде бир айлык маянасын которду. Эсиңиздерде болсо, өткөн ай соңунда 4 миллион сомго жакын маяна фондго которулган", - деди Нуракун уулу.
Ал жалпы элди COVID-19 тумоосуна байланыштуу кыйынчылыктарды ынтымак менен жеңүүгө чакырды.
Ссылка: https://barometr.kg/zhogorku-keesh-aprel-ajynda-7-milliondoj-somdu-saramzhaldap-kalat
Добавить комментарий ×