Жогорку айып пулга каршы чыккан айдоочуларга айыппул салынды

23 май 2019 13:45 3844 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте КРнын ИИМ Жол кыймылы коопсуздугунун башкы башкармалыгынын кызматкерлери жол эрежелерин бузгандарга салынган айып пулдардын өлчөмүнүн көптүгүнө каршы чыккан айдоочуларга айып пул салды.

Бүгүн, 23-майда Чуй проспектиси менен Ауэзов көчөлөрүнүн кесилишине чогулган бир нече айдоочу унаалары менен катар тизилип борбордун көчөлөрүн кыдырышкан. Чуй проспектиси менен Совет көчөлөрүнүн кесилишине келгенде ЖККББнын инспекторлору токтоткон. Аларды тыгын кылганга айыптаган.  

Флеш-мобдун катышуучулары ЖККББ ушундай жол менен акция өткөрүүгө тоскоолдук кылып жатканын айтышты.

Айдоочулар менен милиционерлердин ортосунда айтышуу болуп, ошону менен акция аяктады.

Уюштуруучулар үч миңге чейин адам катышарын айтып жатышкан.

Ссылка: https://barometr.kg/zhogorku-ajyppulga-karshy-chykkan-ajdoochularga-ajyppul-salyndy



Добавить комментарий